ИИМ: Ысык-Көлдө элди массалык түрдө шайлоо тилкелерине ташуу болгон эмес

ИИМ: Ысык-Көлдө элди массалык түрдө шайлоо тилкелерине ташуу болгон эмес

Ысык-Көлдө элди массалык түрдө шайлоо тилкелерине ташуу фактысы аныкталган жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү Султан Макилов билдирди. 

Анын айтымында териштирүү жүрүп, анда аталган даттануу негизсиз деп табылган.  

“Ысык-Көлдөгү элди шайлоо тилкелерине ташып келүү фактысы боюнча 9-январь күнү маалымат түшкөн. Белгисиз адам Жапаровдун тарапташтары тарабынан үгүт иши жүрүп жаткны тууралуу маалымат түшкөн. Анда адамдарды Ысык-Көлгө адамдарды акысыз жөнөтүп жатат деген маалымат боюнча текшерүү жүргөн. Анын алкагында бекер ташуу фактысы такталган эмес. Анда салып жатат делген адамдар, жана жүргүнчүлөр суралган бирок факты аныкталган жок. Адамдарды бекер ташуу фактысы орун албашы үчүн автобекеттерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.”, — деди Макилов.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>