Бүгүн, 2023-жылдын 10-ноябрында ИИМдин Эргеш Алиев атындагы Академиясында 1-курсунунун курсанттарынын ант берүү аземине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Академиясынын жетекчиси Тариел Абитов, ИИМдин Генаралдар кеңешинин мүчөлөрү, ардагерлер, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышты.
Ата мекени алдында ант берген 104 курсант, анын ичинде 28 кыз жоокер курсун ийгиликтүү аяктап, элинин алдында салтанаттуу ант берүү ардактуу укугуна ээ болушкан.
Ант берген курсанттарды ички иштер министринин жана өзүнүн атынан Адылбек Бийбосунов куттуктап, окууларына жана келечектеги эмгек жолунда ийгиликтерди каалады.
«Бүгүн бардыгыбызды кубанткан, толкундаткан салтанаттуу иш-чаранын күбөсү болуудабыз. Анткени Ички иштер министрлигинин катарын толуктап, Ата Мекенине кызмат өтөйм деген дилгир эр азамттарыбыз жана алардан кем калбаган кыраакы кыздарыбыз элинин алдында ыйык антын беришти. Сиздерди ички иштер министринин жана коллегия мүчөлөрүнүн атынан чын дилимден куттуктайм!
Милицияда кызмат өтөө дал ушундай ант берүү менен башталат. Ант берүү менен курсанттарыбыз жарандарыбыздын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун, алардын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо үчүн жогорку жоопкерчиликти өздөрүнө алышты. Мекен алдында берилген ант сиздердин жүрөгүңүздөрдө түбөлүккө сакталсын.
Бул күн сиздердин жашооңуздардын жаңы этабынын башталышы десем жаңылышпаймын. Эми силер укук коргоо органдарынын катарына кошулдуңар. Бул чоң сыймык жана ишеним гана эмес, жооптуу жана татаал кызмат. Ал эми силердин кызматыңарда дайыма ийгиликтер коштоп жүрсүн.
Элдин тынчтыгы жана коопсуздугу көп жагынан ички иштер органдарынын ар бир кызматкеринин ишинен көз каранды экенин баса белгилеп кетейин», — деди ал.
Иш-чара учурунда Эргеш Алиев атындагы фонддун төрагасы Аскар Бектемиров окуу жылында өзгөчөлөнгөн курсанттарга стипендияларды тапшырды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз