Жалал-Абадда тургундан 35,1 млн сом алып, алдап кеткен шектүү кармалды

Жалал-Абадда тургундан 35,1 млн сом алып, алдап кеткен шектүү кармалды

Жалал-Абаддын тургунунан 35,1 млн сом алып, алдап кеткен деп шектелип 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 6-сентябрда милицияга 26 жаштагы тургун кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 2022-жылы июнь айында 22 жаштагы Р.С. аттуу жигит «Россиядан жыгач алып келип берем» деп 35 млн 158 миң сом акчасын алып, убадасын аткарбай, качып кеткен.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абал облустук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери 22 жаштагы шектүүнү Өзбекстандан кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо 0772 70 90 00 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>