Сокулуктун соту Адилет Балтабайды абакка камоо тууралуу өкүм чыгарды

Сокулуктун соту Адилет Балтабайды абакка камоо тууралуу өкүм чыгарды

Бүгүн, 10-ноябрда Чүйдүн Сокулук райондук сотунда активист Адилет Балтабайдын иши боюнча соттук отурум өтүп, ага өкүм чыкты. Активист ооруканада жаткандыктан бул ирет да соттук процесске келе алган жок. Бирок ага карабай соттук процесс өткөрүлдү. Белгилей кетсек, активист 30-октябрда ооруканага жаткырылгандыктан, 31-октябрда жана 3-ноябрда өткөн отурумдарга да келе албай, процесс эки ирет жылдырылган.

Соттук иш судья Кылыч Байсов тарабынан каралды.

Белгилүү болгондой, буга чейин Чүйдүн Сокулук районунун пробация органы активист Адилет Балтабайга буга чейин Бишкектин Биринчи май сот тарабынан белгиленген 3 жылдык пробацияны жокко чыгарып, 5 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасын колдонуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Алар сотко кайрылуусун Адилет Балтабай пробация эрежесин эки жолу бузган деп жүйө келтирген. Пробация органынын өкүлдөрү билдиргендей, Адилет Балтабай пробация органына каттоого бир ирет кечигип келген жана Сокулук районунун аймагында жашап туруп уруксатсыз Бишкектин аймагына чыккан (Адилет Балтабайдын туугандарынын айтымында, активист Новопавловка айылында жашайт, бирок жашаган жери боюнча каттоосу Бишкекте деп жазылган). Андан башка Адилет Балтабай эреже бузган эмес. Ушул эки жүйөө менен пробация органы Адилет Балтабайды абакка каматуу сунушу менен сотко кайрылган.

Активисттин жактоочусу Эрлан Казаков Адилет Балтабайды кайра каматуу тууралуу пробация органы тарабынан келтирилген жүйөөлөр суу кечпейт деп эсептейт. Анын айтымында, пробация көзөмөлү жаңыдан гана киргизилип келе жаткандыктан, учурда жарандар пробация органына кечигип келген учурлар көп кездешет. Андан тышкары ал белгилегендей, пробация органы Адилет Балтабай Бишкекке уруксатсыз чыгып кеткен деген сөзүн далилдеп бере алган жок.

Жактоочу Эрлан Казаков активист Адилет Балтабай жазасын абакта өтөй тургандай пробация органынан жашырынып жүрбөгөнүн же өлкөдөн качуу сыяктуу одоно мыйзам бузууга барбаганын белгиледи.

Соттук отурумда судья Кылыч Байсов тараптарды уккандан кийин пробация органынын өтүнүчүн канааттандырып, Адилет Балтабайга белгиленген пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарып, абакта жаза өтөөсү тууралуу өкүм чыгарды. Өкүм боюнча 10 күн ичинде Чүй облустук сото апелляция менен кайрылууга болот.

Сокулук райондук соттун судьясы Кылыч Байсов

Ал эми активисттин туугандарынын айтымында, Адилет Балтабай пробация эрежесин бир гана жолу бузган. Андан башка активист тараптан эреже бузуу болгон эмес. Ал эми Адилет Балтабайды каматуу аракетин саясий куугунтук деп эсептешет.

Эми алар апелляциялык арыз менен Чүй облустук сотко кайрылат. Жактоочу Эрлан Казаков билдиргендей, алардын апелляциясы каралып жаткан учурда Адилет Балтабай боштондукта болот.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн.

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, 11-ноябрда ага өкүм чыгарылган. Бишкектин Биринчи райондук соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан.

2023-жылы 12-январда Адилет Балтабайдын иши Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 3 жылдык пробациялык көзөмөл тууралуу чечими жокко чыгарылып, 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

Кийин 19-апрелде Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, Биричи май райондук соттун пробация тууралуу өкүмү күчүндө калтырган. Адилет Балтабай ошол эле күнү абактан бошотулган.

Адилет Балтабай ооруканада, бүгүнкү соттук отурум болгон жок

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>