ИИМдин ички аскер бөлүмүндөгү коррупциялык схема. Күнөөлүүлөр качып кетишкен

14.12.2021 | 16:54

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин бюджетинен 33,9 миллион сом уурдап алуу иши боюнча айыпталуучулар Кыргызстандан качып кетишкен. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар ​​билдирди.

Башкы прокуратура бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

«Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн алкагында күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу үчүн бардык тийиштүү чаралар көрүлөт», — деп белгиледи Башкы прокуратура.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Аскер прокуратурасы тарабынан ИИМдин Ички аскерлеринин кызмат адамдары тарабынан өздүк курамды камсыз кылуу үчүн азык-түлүк жана башка товарларды сатып алууга багытталган 33,9 миллион сом бюджеттик каражаттар мыйзамсыз пайдаланылганы аныкталган.

ИИМдин ички аскер бөлүмү тамак-аш, кийим-кечектен 34 млн. сом өөнөгөн

Scroll to Top