Терроризм: Диний топтун мүчөсү Кыргызстанга кайтарылды

Терроризм: Диний топтун мүчөсү Кыргызстанга кайтарылды

“Күрдистан жумушчу партиясы” террордук уюмунунун бөлүкчөсү аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Орусиянын жана Кыргызстандын атайын кызматтары менен биргеликте ыкчам-издөөнүн натыйжасында , 2021-жылдын 16-октябрында Орусиянын Москва шаарынын аймагында жасалма документтердин негизинде жашынып жүргөн Талас облусунун тургуну  “С.О.О” аныкталып кармалган. 12-декабрда эки тараптуу келишимге ылайык издөөдө жүргөн жаран Кыргызстанга экстрадицияланды.

Алардын ичинен «Күрдистан жумушчу партиясы»  уюмунун күжүрмөн канатынын мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрүнүн катарында Сирия-Ирак зонасында согуштук аракеттерге катышкан, эл аралык издөөгө жарыяланган аталган уюмдун айрым мүчөлөрү аныкталды.

Азыркы учурда  Кылмыш-жаза кодексинин 250-беренеси “  кыргыз жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышуусу же террористтик даярдыктан өтүүсү” боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бердиктүү реестрине катталган кылмыштардын алкагында, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Анын ичинде бул фактынын бардык жагдайларын изилдөөгө жана тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар улантылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>