ИИМдин Күзөт кызматы үчүн “Манас” эпосу боюнча лекциялар өткөрүлдү
ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилик курамы өздүк курам арасында адеп-ахлактык өнүгүү боюнча лекцияларды өткөрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган кызматтын жетекчилик курамы президенттин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында түзүм бөлүмдөрүндө атайын сабактарды уюштурууда. Бүгүн, 29-майда ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук аппаратында өздүк курам үчүн “Манас” эпосу жана анын өзгөчөлүктөрү аталышындагы окуу-лекциясы өткөрүлгөн.
“Иш-чарага ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов, Күзөт кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Мелс Белеков, “Бакдөөлөт” фондунун президенти Мелис Мураталиев жана Күзөт кызматынын өздүк курамы катышкан.
Окуу-лекциянын жүрүшүндө “Бакдөөлөт” фондунун президенти Мелис Мураталиев угуучуларга “Манас” эпосунун буга чейин айтылбай келген кызыктуу фактыларды белгилеп, ошондой эле дүйнөлүк чыгармалар боюнча токтолду”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, бул иш-чарадан сырткары, 23-26-май күндөрү Күзөт кызматынын Бишкек шаарындагы түзүм бөлүмдөрүндө ИИМдин Күзөт кызматынын башчысынын орун басары Алмазбек Жумабековдун катышуусунда окуу-лекциясы өткөрүлгөн.
Аталган иш-чарага Күзөт кызматынын Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү жана “Бакдөөлөт” коомдук фондунун мүчөлөрү келип “Улуттук нарк”, “Адамдын өзгөрүүсү”, “Инсандын келечеги” аталышындагы лекцияларды өтүп, адамдын руханий өнүгүүсү боюнча кеп-кеңештери менен бөлүшкөн.
Белгилей кетсек, мындай сабактар Күзөт кызматынын бардык түзүм бөлүмдөрүндө өткөрүлүүдө.
[image_carousel source=”media: 190312,190313,190314,190315″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз