ИИМдин Күзөт кызматы үчүн «Манас» эпосу боюнча лекциялар өткөрүлдү

ИИМдин Күзөт кызматы үчүн «Манас» эпосу боюнча лекциялар өткөрүлдү

ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилик курамы өздүк курам арасында адеп-ахлактык өнүгүү боюнча лекцияларды өткөрүүдө.  Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган кызматтын жетекчилик курамы президенттин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында түзүм бөлүмдөрүндө атайын сабактарды уюштурууда. Бүгүн, 29-майда ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук аппаратында өздүк курам үчүн «Манас» эпосу жана анын өзгөчөлүктөрү аталышындагы окуу-лекциясы өткөрүлгөн.

«Иш-чарага ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов, Күзөт кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Мелс Белеков, «Бакдөөлөт» фондунун президенти Мелис Мураталиев жана Күзөт кызматынын өздүк курамы катышкан. 

Окуу-лекциянын жүрүшүндө «Бакдөөлөт» фондунун президенти Мелис Мураталиев угуучуларга «Манас» эпосунун буга чейин айтылбай келген кызыктуу фактыларды белгилеп, ошондой эле дүйнөлүк чыгармалар боюнча токтолду», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, бул иш-чарадан сырткары, 23-26-май күндөрү Күзөт кызматынын Бишкек шаарындагы түзүм бөлүмдөрүндө ИИМдин Күзөт кызматынын башчысынын орун басары Алмазбек Жумабековдун катышуусунда окуу-лекциясы өткөрүлгөн.

Аталган иш-чарага Күзөт кызматынын Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү жана «Бакдөөлөт» коомдук фондунун мүчөлөрү келип «Улуттук нарк», «Адамдын өзгөрүүсү», «Инсандын келечеги» аталышындагы лекцияларды өтүп, адамдын руханий өнүгүүсү боюнча кеп-кеңештери менен бөлүшкөн.

Белгилей кетсек, мындай сабактар Күзөт кызматынын бардык түзүм бөлүмдөрүндө өткөрүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>