Бишкекте сууга чөгүп бараткан эки баланы куткарган окуучу сыйланды

Бишкекте сууга чөгүп бараткан эки баланы куткарган окуучу сыйланды

Бишкекте сууга чөгүп бараткан эки баланы куткарып калган мектеп окуучусу сыйланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Даниил жана анын апасы Ирина Петровна менен Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков жана жолугушту.

Окуучуга өзгөчө кырдаалда көрсөткөн эрдиги үчүн район башчысы чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, муниципалдык администрациянын Ардак грамотасы менен сыйлады. Ал эми ушундай камкор уулду тарбиялаганы үчүн апасына муниципалдык администрациянын Ыраазычылык каты тапшырылды.

Мындан тышкары, «Жасмин» кафесинин ээси Бахрам Кудайдатов Даниилге беш миң сомдук сертификат тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, өткөн аптада 16 жаштагы Даниил Дриго эки баланы Чоң Чүй каналына чөгүп жатканын көрүп, суудан алып чыккан. Өспүрүм машыгуудан кайтып келе жаткан учурда жардам сурап кайрылган балдардын үнүн уккан.

Даниил №52 орто мектептин 9 «А» классынын окуучусу. Ал кайык спорту менен алектенет, спорттун чебери.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>