Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
ИИМдин орун басары чек арада жабыркаган кызматкерлери тууралуу маалымат берди
04.05.2021 | 17:35
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан 216 адам жабыр тарткан, алардын ичинен 36 адам каза болду. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Головной суу сактагычында жана “Кызыл Бел” көзөмөл-өткөрүү пунктунда 25 чек арачы (алардын үчөө каза болду), ошондой эле 18 полиция кызматкери, 1 бажы кызматкери жаракат алган.
Жергиликтүү тургундардан 139у жабыркаган (33 жергиликтүү тургун каза болду) алардын ичинен экөө жаш балдар: 12жаштагы кыз минометдун чачырандысынан көз жумса, 5 жаштагы бала минометдун жарылуусунан качып баратып, дарыяга агып кеткеннин кошумчалаган.
Ал эми Бишкек шаарына 44 адам дарылануу үчүн жиберилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар