«25 жылдан кийин Индия өнүккөн өлкөгө айланышы керек»- деди премьер-министр Нарендра Моди Нью-Делиде эгемендүүлүктүн 75 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөп жатып.
Индиянын премьер-министринин айтымында, миллиарддаган долларлык инвестиция азыртадан эле өлкөнү дүйнөлүк товар өндүрүүнүн борборуна айландырууда.
«Мен жеке секторго да кайрылам. Келгиле, биз дүйнө жүзү боюнча өкүл болушубуз керек. Экономикалык өзүн-өзү камсыз кылууну кыялданган Индия бүткүл планетанын керектөөлөрүн канааттандырууда артта калбайт«, — деди Моди.
Модинин айтымында, кийинки чейрек кылымга коюлган максаттарды ишке ашырууда аялдардын ролу чоң.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда