Инстаграмдан таанышкан. Ошто жашы жете элек кызды зордуктагандар кармалды — сүрөт

Инстаграмдан таанышкан. Ошто жашы жете элек кызды зордуктагандар кармалды — сүрөт

Ошто эки жигит жашы жете элек кызды зордуктады. Бул тууралуу түштүк борбордун Ички иштер бөлүмү билдирди.

Декабрь айында Ош облусунун тургуну милицияга кайрылып, 15 жаштагы кызын эки белгисиз жигит зордуктагандыгын жарыялаган. Жабырлануучу мектепте окуп жатат.

6-февралда шектүүлөр камакка алынган. Алар Ош шаарынын 20 жаштагы тургундары К.Т. жана А.К. Алар убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган. 161-берене «Зордуктоо» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Көрсө, жабырлануучу шектүүлөр менен Инстаграмм аркылуу таанышып, бир аз убакыт өткөндөн кийин Ош шаарына аларга барууну чечкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>