Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Интернетте бирөөнү мазактап, сөккөндөр айып пул төлөй баштайт
19.12.2024 | 10:46
Жогорку Кеңеш интернет же ЖМК аркылуу кимдир бирөөнү кемсинткен, жала жапканы үчүн айып пул салууну караштырган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Мыйзам долбооруна 68 депутат макул, төртөө каршы деп добуш берди.
Өкмөт демилгелеген бул мыйзамда жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет аркылуу бир адамды кемсинткен, сөккөн же атайылап жалаа жапкан адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул каралган.
Мыйзамга каршы болгон депутаттар, активисттер ал кайсы бир чиновниктин сөз эркиндигин басуу, сын айткандардын оозун жабуу үчүн курал болуп калышы мүмкүн экенин, катардагы жарандар үчүн жазылбаганын айтып келишет.
Эми ал президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом