Интернетти көзөмөлдөө тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт

Интернетти көзөмөлдөө тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт

Парламент депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкулоо үчүн парламенттик угуу өтөт.

Иш-чара 19-июнда саат 10:00дө башталары Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланды.

Тогуз беренеден турган мыйзам долбоордо  интернет колдонуучулардан тартып, сайттын кожоюндары, Интернет провайдерлеринин укук-милдеттери жазылган.

Ошондой эле долбоордо мыйзам бузулган учурда интернет сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары айтылат.

«Factcheck.kg» порталы коомдук талкууга чыгарылган бул мыйзам долборунун басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган эле.

Бир катар медиа эксперттер жана юристтер бул долбоор сөз эркиндигин кысып, элдин маалымат алуу укугун чектей турганын эскертип,  депутаттарды сунуштаган мыйзам долбоорун  артка чакыртып алууну айтып чыгышкан.

REPORTER.KG маалымат агенттиги дагы “интернетке чектөө киргизүү аракетине коомдо жалган маалыматтардын көбөйгөнү себеп болуудабы же бул сөз эркиндигине карта  жасалып жаткан кезектеги чабуулбу?”, – деген аталышта медиа эксперт жана юристтер менен талкуу уюштурган эле.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>