Иса Өмүркулов: Дары-дармектин баасы күндөн-күнгө өсүүдө. Антимонополдук кызмат эмне кылып отурат?

Иса Өмүркулов: Дары-дармектин баасы күндөн-күнгө өсүүдө. Антимонополдук кызмат эмне кылып отурат?

Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңеште жыйында депутат Иса Өмүркулов коронавирустун шылтоосун кылып, Кыргызстандын дарыканаларында дары-дармектин баасы күндөн-күнгө өсүп жатканын билдирди.

Өмүркулов Өкмөт бул кырдаалды тез арада жөнгө салуу керектигин айтты.

«Коронавирустун шарданы менен, ал ортодо баяга эле шылуундар нак пайдасын көрүүдө. Коронавирус илдети ушунчалык тездик менен жайыла баштады. Анын кесепети Кыргызстанга да тийип жатат. Айрыкча, калкты дары-дармек камсыз кылуу жаатында иштеген шылуудар анын пайдасын көрүүдө. Муну дары-дармек наркынын эч негизсиз кескин өсүп жатканынан эле байкасак болот. Ага ким көзөмөл кылышы керек? Азырынча белгисиз!

Сатылып жаткан дарылардын наркы кандай болушу керек? Алардын сапаты кандай? Элибиздин саламаттыгы үчүн ким жооп берет? Көзөмөл жасап, жооптуу эч ким жок! Жанагы Антимонополдук кызмат эмне кылып отурат? Азыр азыр-түлүк коопсузудугу жаатындагы абал деле ушундай. Өкмөт бул маселелердин баарын колго алып, тийиштүү чараларды көрүшү керек», — деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>