Кемин районунда ак илбирс байкалды: жырткыч дарактан аман-эсен түшүрүлдүКемин районунда ак илбирс байкалдыКыргызстанда «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталдыКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндерди себүү аяктадыСаламаттык сактоо министрлиги балдарды дарылоодогу системалуу жардамы үчүн фонддорго жана бизнеске ыраазычылык билдирдиРоссияда нацисттердин колунан жабыркаган совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнү бекитилди
Иса Өмүркуловдун уулу велосипедчен кызды сүзүп кетти
17.05.2021 | 10:40
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун 39 жаштагы О.А. аттуу уулу Porsche унаасында велосипедчен адамды сүзүп кетти. Мындай маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тастыкташты.
Окуя 15-майда саат 22:30дар чамасында Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда Porsche унаасы 29 жаштагы велосипедчен кызды сүзүп кеткен.
Чогултулган материалдар Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Белгилей кетсек, Өмүркуловдун уулу 2011-жылдын август айында Дунларов көпүрөсүнүн жанындагы айланып өтүүчү жолдогу кырсыктын күнөөкөрү болуп, анын кесепетинен үч адам каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар