17-май: Коронавирус 259 адамдан аныкталып, 8 киши каза болду

17-май: Коронавирус 259 адамдан аныкталып, 8 киши каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 259 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 3409 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 161;
Ош шаарында – 1;
Чүй облусунда – 44;
Ош облусунда – 0;
Талас облусунда – 5;
Нарын облусунда – 14;
Ысык-Көл облусунда – 24;
Жалал-Абад облусунда – 10;
Баткен облусунда – 0.

Ошондой эле инфекция 6 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 284 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 5, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 100 миң 732 адамдан аныкталды. Анын ичинен 93 миң 886 бейтап айыгып, 1 миң 711 киши каза болду.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>