Исаков: журналисттик иликтөөдөн кийин Айбек Токоевге иш козголгону жакшы көрүнүш

Исаков: журналисттик иликтөөдөн кийин Айбек Токоевге иш козголгону жакшы көрүнүш

УКМКнын журналисттик иликтөөгө көңүл буруп, Финансы полициясынын кызматкерине иш козгогону жакшы көрүнүш. Мындай пикирин Исаков “Репортерго” билдирди. 

“Мындай маалыматка көңүл буруп, иш козгогону жакшы көрүнүш. Бирок азыр көп эле адамдарга иш козголуп, кайра үй камагына чыгып жатканын көрүп жатабыз. Окуя кандай өңүттө өнүгөт азырынча айтыш кыйын. Мындай маалыматтардан кийин териштирүү-иликтөө иштери жүрө баштаганы атайын кызматта канча бир деңгээлде тартип орной баштаганынан кабар берет”, — дейт Исаков

Белгилей кетсек, буга чейин иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Финансы полициясынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоевдин мыйзамсыз иштери, ири байлыктары тууралуу иликтөө жасаган болчу.

Бүгүн, 12-январда Токоевге мыйзамсыз баюу боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш ачылганын УКМК кабарлаган. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>