Жогорку Кеңештин депутаты Исках Масалиев мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатын тапшырат. Бул тууралуу ал парламенттин 21-майдагы жалпы жыйынында айтты.
Анын айтымында Жогорку Кеңеш конституциялык укугун эске алып, өзүнө эч кандай жоопкерчилик алган эмес.
“Бизде парламенттик-президенттик башкаруу. Бирок эмнегедир парламент жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбейт. Бир нече жолу депутат болуп иштеп, Жогорку Кеңешке карата айтылган сын-пикирлерди мынчалык уккан эмесмин”, — деген ал.
Масалиев жыйын учурунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатын тапшыра турганын айткан.
“Оор абалда Жогорку Кеңеш жоопкерчиликти түздөн-түз мойнуна алыш керек болчу. Өлкөнү мындай абалга жеткирген бийликтин арасында мен да бармын. Мындан улам мен 25-майда депутаттык мандатымды тапшырууну чечтим», — деген Масалиев.