Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
“Ишеним жок”. Шайлдабекова жарандардын шайлоодогу пассивдүүлүгүнүн себептерин айтты
31.10.2023 | 12:01
Бишкектин тургундары шайлоо процессине ишенбей калгандыктан добуш берүүгө катышпайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү 2020-жылдагы бийликтин алмашуусунан кийин жалпы эле саясый тутумга ишеним азайган.
“Шайлоо процессине апатия дагы болду. Ички миграциянын дагы таасири бар. Анткени, көпчүлүк шаар тургундарынын дареги менен каттоо турган жери дал келбейт”, – дейт Нуржан Шайлдабекова.
БШКнын жетекчисинин маалыматында, 2020-жылы шаардыктар добуш берүүгө активдүү катышып, 2 миллион, же 300 миңге көп жаран келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом