Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Ишкерлерге мыйзсамсыз айып пул салган 25 салыкчыга чара көрүлдү
18.04.2025 | 13:55
Башкы прокуратура ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салган 25 салык кызматкери жазаланганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Башкы прокуратура Салык кызматынын, ошондой эле Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактык салык органдарынын ишмердүүлүгүн текшерген.
Жыйынтыгында салык инспекторлору ишкерлерге 5 000 сомдон 13 000 сомго чейинки өлчөмдө айып пулдарды мыйзамсыз түрдө салышкандыгы белгилүү болгон. Прокуратура мыйзам боюнча бул бузуулар үчүн жазалоо чарасы катары айып салуу эмес, эскертүү гана каралганын билдирди.
Мындан улам мыйзамсыз чыгарылган токтомдор жокко чыгарылып, 25 салык кызматкерге ар бирине 10 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар