Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Ислам тилектештик оюндары: Кыргызстан 9-орунду ээледи
19.08.2022 | 09:32
Түркияда өткөн Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын курамасы 9-орунду ээледи.
Аталган мелдеште кыргызстандык спортчулар жалпы 31 медаль ала алды. Алардын ичинен сегизи алтын, сегизи күмүш жана 15и коло байге.
Биринчи орунду Ислам тилектештик оюндарын өткөргөн Түркия (145 алтын, 107 күмүш жана 89 коло), экинчи орун – Өзбекстан (51 алтын, 42 күмүш жана 65 коло) жана үчүнчү орунду Иран (39 алтын, 44 күмүш жана 50 коло) ээледи.
Ислам тилектештик оюндары 9-18-августта Түркиянын Конья шаарында өттү. Анда спорттун 16 түрү боюнча 54 өлкөдөн келген 4 миңден ашык спортчу күч сынашты.
Келерки оюндар 2025-жылы Камерундун борбору Яунде шаарында өтөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт