Өспүрүм кыздын зордукталышы: Экинчи шектүү кармалды

Өспүрүм кыздын зордукталышы: Экинчи шектүү кармалды

Бишкек шаарында 17 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча кылмыш ишин  тергөө убагында дагы бир шектүүнүн катыштыгы бар экендиги такталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-августта Аламүдүн районундагы милиция бөлүмүнө У.Ж. аттуу жаран кайрылып, анда ал 7-августка караган түнү Лебединовка айылында анын 17 жаштагы кызын зордуктаган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган окуя боюнча Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматында Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин курамы менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу тандалган.

Кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен бул кылмышка 1996-жылы туулган Т.М. дагы катыштыгы бар экендиги такталып, ЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө уланып жатат.

Буга чейин маалымдалгандай, кылмыш Бишкектеги Maryotel мейманканасында болгон. Зордуктоого шектүү делип, «Алтын казына» кафесинин официанты кармалган. Ал эми кафенин администрациясы аталган кылмыш боюнча түшүндүрмө берип, окуя түндө кызматкерлердин жумуш убактысынан тышкары болгонун маалымдаган. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: Зордуктоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>