Июнь коогалаңында курман болгон милиция кызматкерлерине арналган мелдеш өттү

Июнь коогалаңында курман болгон милиция кызматкерлерине арналган мелдеш өттү

Июнь коогалаңында курман болгон милиция кызматкерлерине арналган мелдеш өттү. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-24-апрель күндөрү Ош шаарында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында, 2010-жылы апрель-июнь айларындагы коогалаңдуу окуяларда каза болгон укук коргоо кызматкерлеринин элесине арналган самбо боюнча мелдеш өткөн. Анда ИИМдин Ички аскерлеринин курама командасы жалпы командалык байгелүү 2-орунду ээлеген.

Ал эми жеке таймаштарда спорттук самбо боюнча кенже сержант Жаркынбай уулу Эльдияр (68 кг. салмак), ефрейтор Карыяев Дайырбек Үмүтбекович (82 кг. салмакта), прапорщик Мамбетжан уулу Урмат (90 кг. салмакта), ефрейтор Асылбек уулу Жамалбектер (100 кг. салмакта) жеңүүчү деп табылып, байгелүү 1-орунду ээлешсе, күжүрмөн самбо боюнча лейтенант Лугма Тимур Сульманаевич (90 кг. салмакта) жана улук лейтенант Аширбеков Өмүрбек Аширбекович (92 кг. салмакта) байгелүү орундарга татыган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>