Израилдин Ливанга жасаган катуу соккуларынан 250дөн ашуун адам каза болду — эмне болуп жатат
Шаршемби күнү, 8-апрелде Израиль Ливанга катуу сокку урду, анын кесепетинен 250дөн ашуун адам каза болуп, 1,1 миңден ашык киши жаракат алды. Бул тууралуу Ливандын жарандык коргонуу кызматына шилтеме берүү менен Al Jazeera телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, израилдик авиация Бейруттун борбордук райондоруна: Мазраа, Манар, Эйн эль-Мрейсе жана Барбур, ошондой эле түштүк четиндеги сегиз районго сокку урган.
Ливан бийлиги израилдик соккулардан жүздөгөн жарандардын каза болгонуна байланыштуу 9-апрелди улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады, деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.
Ирандын жетекчиси Масуд Пезешкиан билдиргендей, Израиль Тегеран менен Вашингтондун ортосунда жетишилген элдешүүнү бир күндүн ичинде эле бир нече жолу бузду.
«ИИРдин (Иран Ислам Республикасы) президенти ок атышууну токтотуу режимин бузуунун бир нече учурларын, анын ичинде Лаван жана Сирри аралдарына жасалган чабуулду айыптады», — деп билдирди анын басма сөз кызматы.
Ошондой эле ал жактан Ислам республикасы ар кандай чабуулдарга чечкиндүү жооп кайтарууга ниеттенип жатканын кошумчалашты.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи Израилдин Ливанга урган соккуларын АКШ менен Ирандын ортосунда жетишилген элдешүүнү бузуу деп атады.
«Ливан фронтундагы согушту токтотуу Иран менен АКШнын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишиминин элементтеринин бири болгон. Сионисттик режимдин бүгүн Ливанга каршы жасаган кылмыштары аны бузуу катары бааланат», — деп айтылат Багаинин билдирүүсүндө.
Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин Ливанга сокку уруусун токтотуусу шииттик «Хезболла» кыймылынан улам Иран менен болгон ок атышууну токтотуу келишимине киргизилген эмес деп ырастоодо.
Өз кезегинде АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс Будапештке учар алдында ЖМКларга Ливандын тегерегиндеги талаш-тартыштарды «түшүнбөстүк» деп атап, Вашингтон да, Израиль да бул маселени келишимдин шарттарына киргизбегенин баса белгиледи.
«Мен муну чындап эле түшүнүүгө боло турган түшүнбөстүк деп эсептейм, бирок биз дагы, израилдиктер дагы бул (Ливан — ред. эскертүүсү) ок атышууну токтотуу келишиминин бир бөлүгү болот деп айткан эмеспиз», — деди Вэнс.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) аба-космостук күчтөрүнүн командири Маджид Мусави билдиргендей, Иран Израилдин «Хезболла» кыймылына каршы чабуулдарына катуу жооп кайтарууга даярданууда.
«Сыймыктуу «Хезболлага» каршы агрессия — бул Иранга каршы агрессия. Согуш талаасы израилдик режимдин жапайы кылмыштарына катуу жооп даярдап жатат», — деп Mehr агенттиги Мусавинин сөздөрүн келтирет.
Мындан тышкары, тынч жарандардын өлүмүнө алып келген Израилдин соккуларына жооп кайтаруу ниетин «Хезболла» кыймылы да билдирди.
«Израилдин Ливанды бомбалоосу шииттик «Хезболла» кыймылына жооп кайтарууга укук берет», — деп айтылат кыймылдын билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, Израилдин Коргоо армиясынын эскертүү иретинде ачкан огу Ливандагы БУУнун миссиясына катышып жаткан италиялык бейпилдик күчтөрүнүн (миротворцтордун) унаасына зыян келтирген.
«Кайтуу үчүн персоналды Бейрутка ташып бара жаткан италиялык UNIFIL (Ливандагы БУУнун Убактылуу күчтөрү) конвою Израилдин Коргоо армиясы тарабынан токтотулган: эскертүү иретинде атылган октор биздин унаалардын бирине зыян келтирди», — деп билдирди Италиянын Тышкы иштер министри, вице-премьер Антонио Таяни парламенттин депутаттар палатасында.
Анын айтымында, окуянын натыйжасында эч ким жабыркаган эмес, бирок ал Израилдин элчисинен болгон окуя жана анын себептери тууралуу маалымат сурап кайрылууга ниеттенүүдө.
Израилдин Ливанга жасаган соккуларын Франциянын президенти Эммануэль Макрон кескин айыптап, аларды «ылгабастан жасалган чабуулдар» деп атады жана ок атышууну токтотуу режими бул өлкөгө да толугу менен жайылтылышы керектигин баса белгиледи.
БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (АУЖКБ) Израилдин куралдуу күчтөрүнүн Ливанга жасаган соккуларын «үрөй учурган» көрүнүш деп атап, аларды көз карандысыз иликтөөгө чакырды, деп билдирди шаршемби күнү мекеменин расмий өкүлү Тамин аль-Китан.