Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ашказан-ичеги ооруларын эрте аныктоочу жаңы ыкма колдонулуудаНТРК «УТРК Музыка» каналына айрым клиптердин кабыл алынбашын түшүндүрдүНарында айдоочу каршы тилкеге чыгып, эки кишини сүзүп кеттиЭтникалык кыргыздар болгон чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилдиАдылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумушчу сапарын жыйынтыктады. Эмнелер тууралуу сөз болду?Маркировкасы жок болгондуктан Казакстандан келген 25 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жок
Кабулда Кыргызстандын Соода үйү ачылды
17.12.2025 | 12:40
Кыргызстан Ооганстан менен экономикалык кызматташуусун бекемдөөдө. Кечээ, 16-декабрда өлкөнүн борбору Кабул шаарында Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага КР экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана анын оогандык кесиптеши, өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты.
Соода үйү кыргыз товарларын ооган рыногунда жайылтуу үчүн негизги аянтча болууга тийиш. Жаңы түзүм төмөнкүлөргө жардам берери күтүлүүдө:
- Эки өлкөнүн бизнесинин ортосунда түз байланыштарды орнотууга;
- Экспорттун түрлөрүн (номенклатурасын) кеңейтүүгө;
- Өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө.
Тараптар Соода үйүнүн ишке кириши эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү стратегиялык маанилүү кадам экенин жана ал Кыргызстандын ишкерлери үчүн аймакта жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилешти.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика