Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылдыИран Ормуз кысыгын ачуу үчүн АКШга жети шарт койду«2028-жылы баарыңыздарды күтөбүз»: Татарстандан келген ансамбль кыргызстандыктарга кайрылуу жасады«Vefa» соода борборунда эскалатордон кулап түшкөн бала ооруканадан чыгарылдыБРИКС өлкөлөрү Нью-Дели декларациясын бир добуштан кабыл алышты — негизгилери13-сентябрь: Кыргызстанда абанын табы +33°C чейин ысыйт, тоо этектеринде кыска мөөнөттүү күн күркүрөшү мүмкүн
Кабулда Кыргызстандын Соода үйү ачылды
17.12.2025 | 12:40
Кыргызстан Ооганстан менен экономикалык кызматташуусун бекемдөөдө. Кечээ, 16-декабрда өлкөнүн борбору Кабул шаарында Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага КР экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана анын оогандык кесиптеши, өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты.
Соода үйү кыргыз товарларын ооган рыногунда жайылтуу үчүн негизги аянтча болууга тийиш. Жаңы түзүм төмөнкүлөргө жардам берери күтүлүүдө:
- Эки өлкөнүн бизнесинин ортосунда түз байланыштарды орнотууга;
- Экспорттун түрлөрүн (номенклатурасын) кеңейтүүгө;
- Өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө.
Тараптар Соода үйүнүн ишке кириши эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү стратегиялык маанилүү кадам экенин жана ал Кыргызстандын ишкерлери үчүн аймакта жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилешти.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика