«Кайдыгерликтин курмандыгы болду». Бишкекте дайынсыз жоголгон пенсионер тоңуп өлдү

«Кайдыгерликтин курмандыгы болду». Бишкекте дайынсыз жоголгон пенсионер тоңуп өлдү

Бишкекте дайынсыз жоголгон 74 жаштагы Кубат Айдаровдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу коопсуздукту камсыз кылуу  кызматы билдирди.

 «Кайдыгерликтин курмандыгы болду. Кубат Айдаров жоголгондон бери бир нече адам аны көргөн. Бирок оорудан улам ал сүйлөй албай калчу, ошол себептен аны менен жолуккандар  мас экен деп ойлошкон. Анын үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз», — деп жазат ККК.

Биринчи Май РИИБи 5-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «102» кызматына Кубат Айдаров аттуу жаран үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегени тууралуу  билдирүү түшкөнүн маалымдаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>