Бишкекте 2024-жылы муниципалдык автобустардын 537 айдоочусу иштен алынып, кара тизмеге кирди. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканансынын жетекчиси Талант Капаров билдирди.
Капаров автобустардын катышуусунда болгон жол кырсыктар тууралуу кеп кылып, эл арасында ал кырсыктар коомдук унаанын айдоочусунун күнөөсү менен болуп жатат деген ой калыптанганын, бирок алардын көбүндө экинчи тарап күнөөлүү болгонун билдирди.
«Жол кырсыгы болсо, көбүнесе автобустун айдоочу күнөөкөр деп ойлошот. Бир тараптуу чечим чыгарышат. Мисалы автобустун катышуусунда болгон жол кырсыктардын 40%ында «Бишкек шаардык транспорт» ишканасынын айдоочулары, калган 60%ында экинчи тарап күнөөлү болгон», — дейт ал.
Капаров кара тизме түзүлүп, ага одоно жол эрежеси бузган автобус айдоочулары киргизилип жатканын айтты. Аталган айдоочулар иштен гана бошотулбастан, кийин ишканага жумушка алынбайт.
«2024-жылы кара тизмеге 537 автобус айдоочусу кирди. Эртеңки күнү алар ишканада жетекчи алмашса да, кара тизмеде тура берет, аны эч ким жумушка албайт», — деди ал.
Анын айтымында, ишкананын балансында 1 миң 407 автобус бар. Күнүнө каттамга 1 миң 200 автобус чыгат. Алар 58 каттам боюнча элди ташыйт. Мурда элди жеке менчиктеги кичи автобустар ташыса, учурда муниципалдык автобустар ташып жатат.