ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Кайра шайлоо: БШК мүчөлөрүнүн айлыгына 2,5 млн сом бөлүндү
08.02.2022 | 09:24
Бишкектин бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо учурунда БШК мүчөлөрүнүн айлык акысына 2,5 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу сметага шилтеме берүү менен ведомстводон билдиришти.
Соцфондго чегерүү 443 миң сомду түзөрү такталды. Байланыш акысы – 356 миң сом. Транспорттук чыгымдар камтылган эмес. Чыгашалардын эң кымбат статьясы – “башка товарларды жана кызматтарды алуу”, документте кайсынысы көрсөтүлгөн эмес, бирок 2,3 млн. чарбалык товарлар 464 миң сомду түзөт.
Чыгымдардын жалпы суммасы 6 миллион 15 миң сомду түзөт. Анын 5,8 миллиону БШКга, 356 миң сому УШКга кетет.
Кайталап шайлоо 27-февралда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика