ФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаятБишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөтАдылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктады
Кеминде дүкөндөрдү тоногондор колго түштү
08.02.2022 | 09:00
Чүй облусунда уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө Кемин районундагы бир нече дүкөндөрдүн ээлери арыз менен кайрылып, дүкөндөрдүн эшиктеринин кулпусун талкалап, тамак-ашын жана акчасын алып кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранышкан. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы аныкталды.
Аталган факт “уурулук” беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталды.
Кемин РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 19 жаштагы А.Ж. . жана 18 жаштагы Ж.К. кармалган.
Милиция кызматкерлери жогорудагы адамдардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун текшерүүдө.
Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар