Бир мандаттуу — Биринчи Май жана Свердлов округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 27-январда аяктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Катышуучулардын саны чектелбегени көрсөтүлгөн. Бюллетенде «баарына каршы» деген графа да болот.
БШК талапкерлерди 7-февралга чейин катташы керек. Үгүт иштери 7-февралда башталып, 26-февралда саат 8.00дө аяктайт.