Камактагылардын туугандары «Акыйкаттык үчүн» митингге чыкты

Камактагылардын туугандары «Акыйкаттык үчүн» митингге чыкты

Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Горький сейил багында Кемпир-Абад иши боюнча камалган активисттер менен саясатчылардын жакындары «Акыйкаттык жана эркиндик үчүн» тынчтык митингин уюштурушту.

Акцияга камактагылардын ата-энелери, туугандары, тарапташтары, укук коргоочулар, саясатчылар, болжол менен 150-200 киши катышты.

Бүгүн, 17-мартта Аксы окуясына 21 жыл болгондуктан, ал окуяда каза болгондор эскерилип, аларга багышталып куран окулду.

Андан кийин акциянын катышуучулары сөз сүйлөп, бийликке кайрылышты. Алар Кемпир-Абад иши боюнча 20дан ашык киши мыйзамсыз камакта отурганын, аларды үй камагына чыгаруу талабын коюшту. Аны менен бирге бул ишке жашыруун деген мөөр коюлгандыктан, аны алып, сотту ачык өткөрүү керектигин белгилешти.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Кемпир-Абад иши боюнча камоолорду саясий куугунтук деп атап, президенттен камактагыларды бошотууну суранды.

Ошондой эле, активист Атай Бейшенбектин апасы Роза Калиева уулу эч күнөөсү жок камакта отурганын, Кемпир-Абад боюнча комитетке мүчө болбогонун, алардын жыйынына катышпаганын айтып, бийликтен уулун жана башка күнөөсүз камакка алынгандарды боштондукка чыгарууну өтүндү.

Активист Эрлан Бекчоро уулунун кайнатасы Аман Эсенкулов күйөө баласын бошотууну суранды. Ал белгилегендей, күйөө баласы эч кандай күнөөсү жок камакта отурат.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Учурда кармалган адамдардын ичинен Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков жана Талант Эшалиев үй камагына чыгарылып, 20дан ашык киши №1 тергөө абагында кармалууда. Андан тышкары, Канат Исаев үй камагында. Ал былтыркы октябрь айындагы жапырт камоолор учурунда 2017-жылдагы иши боюнча кармалган.

Жапырт камоолор. Канча киши жана кимдер камалды?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>