Канат Исаев камакта калтырылды

Канат Исаев камакта калтырылды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаев камакта калтырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттук отурум бүгүн, 5-декабрда өтүп, шаардык сот райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Ага ылайык Канат Исаев 23-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, Канаст Исаев быйыл 23-октябрда кармалган. УКМК Биринчи май райондук сотуна келтирген өтүнүч боюнча Исаевдин 2018-жылдын 1-октябрындагы эч жакка кетпөө түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал 23-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Андан кийин анын камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылган.

Канаст Исаев 2017-жылдагы президенттик шайлоо алдында «бийликти басып алууга» шектелип кармалып, дээрлик бир жылдан кийин камактан чыккан.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>