Эки айга камалган саясатчы, активисттердин тизмеси

Эки айга камалган саясатчы, активисттердин тизмеси

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьялары 24-октябрь күнү кечинде массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен бир күн мурун кармалган активисттерге жана саясатчыларга бөгөт коюу чарасын карады.

Соттун чечими менен эки айга камалгандар:

— Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова,

— БШКнын экс-мүчөсү Гүлнара Журабаева,

— Экс-элчи Азимбек Бекназаров,

— Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жеенбеков,

— Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева,

— Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Кадыров,

—  Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Кеңешбек Дүйшебаев,

—  Жалал-Абад облусунун экс-губернатору  Бектур Асанов,

— активист Эрлан Бекчороев,

— саясатчы Жеңиш Молдокматов,

— активист Перизат Суранова,

— активист Рита Карасартова,

— блогер Али Шабдан,

— активист Таалай Мадеминов,

— активист Улугбек Маматаев,

— өкмөттүн Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов,

— активист Нурлан Асанбеков,

— активист Чыңгыз Капаров,

— жарандык активист Айданбек Акматов.

Баары Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге 20-декабрга чейин жайгаштырылды. Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин деп белгиленди. Кармалгандар соттун чечимине нааразы.

Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген. 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>