Канатбек Исаев “Кыргызстан” партиясы Райымбек Матраимов менен сүйлөшүүдө» деген маалыматты четке какты

Канатбек Исаев “Кыргызстан” партиясы Райымбек Матраимов менен сүйлөшүүдө» деген маалыматты четке какты

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев интернетте тарап жаткан “Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө делген маалыматты четке какты.

Reporter.kg интернет басылмасы маалыматтын чын бышыгын тактоо үчүн партия лидери Канатбек Исаев менен байланышканда, ал интернетте тарап жаткан маалыматты фейк деп атады.

[su_quote]Бул маалымат жалган. Биз Матраимов менен эч кандай сүйлөшүү жүргүзгөн жокпуз”, — деди Исаев. – “Кыргызстан” партиясынын өз электораты бар жана коом үчүн ар убак ачык. Жашыра турган эч несребиз жок, эгер кимдер бирөө менен бириге турган болсок, аны расмий түрдө жарыялап турабыз.[/su_quote]

Белгилей кетсек,  20-февралда “Азия Ньюс” гезити “Канат Исаев менен Раймбек Матраимов биригеби?”деген аталышта маалымат жарыяланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>