Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Кантта кагаз чыгаруучу ишканадан чыккан өрттөн бир адам каза болду
23.11.2024 | 15:08
Кант шаарында кагаз чыгаруучу ишканадан чыккан өрттөн бир кытай жараны каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн таңга жуук Кант шаарындагы заводдун аймагында жайгашкан кагаз чыгаруучу “Милена” ЖЧКсында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 04:49дан тарта 4 күжүрмөн эсеп, 5 өрт өчүрүүчү жана 1 суу ташуучу унаа тартылган.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен саат 08:10до чектөөгө алынып, 15:37де өчүрүлдү. Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метр.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар