БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Парламент Каныбек Иманалиевдин министр болушун колдоду
01.03.2023 | 17:49
Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңеште экс-депутат Каныбек Иманалиевдин билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлиги жактырылды.
Анын талапкерлигин 77 депутат колдоп берди.
Андан кийин сөздү Каныбек Иманалиев алып, депутаттардын ишеничи чоң жүк экенин айтып, ишеничти актоо үчүн жыйынтык көрсөтүшү керектигин билдирди.
Эскерте кетсек, 24-февралда президент Садыр Жапаров Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Анын талапкерлиги билим берүү министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн көрсөтүлмөк.
Иманалиев Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. 2021-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз