Талас: Милицияга экстремизмди алдын алуу боюнча семинар өткөрүлүүдө

Талас: Милицияга экстремизмди алдын алуу боюнча семинар өткөрүлүүдө

Талас облустук милициясынын кызматкерлери үчүн экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча бир жумалык семинар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-февралдан 3-мартка чейин 150 жакын кызматкерине «Коомчулук арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу»  аттуу темада семинар-тренинг уюштурулган.

«ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен LEICA долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу аркылуу эл аралык эксперттердин катышуусунда бир жумалык семинар-тренинг өтүп жатат. Бул иш-чара ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматы тарабынан 2022-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу максатында Талас ОИИБнын борбордук аппаратынын жана аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлерине өткөрүлүүдө.

Милиция кызматкерлери үчүн «Коомчулук арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу» аттуу темада туруктуу кызматташтыкты жана маалымат алмашуу каналын бекемдөө, аны өркүндөтүү, облус аймагындагы күч түзүмдөрү ортосунда терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттарын аныктоо жана коомчулук арасында экстремизмди, радикализмди алдын алуу иш-чараларын жакшыртуу максатында уюштурулду», — деп билдирет ИИМ.

Аталган семинар-тренинг ИИМдин ЭММКАКтын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери Манас Аманбаев, ИИМдин Академиясынын улук окутуучусу Медер Карабаев тарабынан LEICA долбоорунун өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулуп, кызматкерлерге «Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу», «Экстремисттик жана террористтик уюмдардын, материалдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү», «Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты» жана Испания менен Эстония мамлекеттериндеги радикалдашууну алдын алуу тажрыйбалары аттуу темалар боюнча атайын даярдалган слайддар аркылуу баяндамалар жасалып, видеотасмалар көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында жалпы коомчулук менен биргеликте иш-чараларды жүргүзүү багытында практикалык жардамдарды көрсөтүү менен кошо Испания, Эстония сыяктуу мамлекеттердин полиция кызматкерлери онлайн форматында эл аралык тажрыйбаларын бөлүшкөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>