Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов камакка алындыКыргызстанда 316 базар жана 93 соода борбору иштейт – УлутстаткомMicrosoft кызматтарындагы глобалдык үзгүлтүк 74 өлкөгө таасир эттиТуман түшүп, түнкүсүн үшүк жүрүп, тоолорго кар жаайт: 14-ноябрга карата аба ырайыБишкекте окуучу кыз өзүнүн мектебине бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү таратканНовосибирск – Бишкек рейсинин жүргүнчүлөрү жардыргыч кабарынан улам чыгарылды
Парламент Каныбек Иманалиевдин министр болушун колдоду
01.03.2023 | 17:49
Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңеште экс-депутат Каныбек Иманалиевдин билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлиги жактырылды.
Анын талапкерлигин 77 депутат колдоп берди.
Андан кийин сөздү Каныбек Иманалиев алып, депутаттардын ишеничи чоң жүк экенин айтып, ишеничти актоо үчүн жыйынтык көрсөтүшү керектигин билдирди.
Эскерте кетсек, 24-февралда президент Садыр Жапаров Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Анын талапкерлиги билим берүү министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн көрсөтүлмөк.
Иманалиев Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. 2021-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз