Каныбек Исаков менен коштошуу зыйнаты ОшМУда өтөт

Каныбек Исаков менен коштошуу зыйнаты ОшМУда өтөт

Кыргызстанда мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 13-ноябрда Ош мамлекеттик  мамлекеттик университетинде болот. Бул тууралуу анын шакирттери кабарлады.

51 жаштагы Каныбек Исаков пневмониядан улам 12-ноябрда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Ал 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган. Эмгек жолун Бел-Өрүк колхозунда жумушчу болуудан баштаган.

1993-1997-жылдары ОшМУнун филология факультетинин окутуучусу,  1995-жылы “Нур” гезитинин башкы редактору, 1997-1999-жылдары ОшМУнун филология факультетинин деканынын орун басары, 1999-2000-жылдары ОшМУнун улук окутуучусу, 2000–2005-жылдары ОшМУнун коомдук жана тарбия иштери боюнча проректору, 2005–2006-жылдары ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, 2006–2011-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институнун ректору (ОМПИ), 2011-2019-жылдары ОшМУнун ректору, 2019-2020-жылдары Билим берүү жана илим министри болгон.

Каныбек Исаков илимпоз катары да үзүрлүү эмгектенген. 2001-жылы кандидаттык диссертациясын, 2011-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Окумуштуу катары “Б.Сарногоевдин поэтикалык изденүүлөрү жана көркөм табылгалары” (2000-ж.), “Тамсил: Жанрдын генизиси жана эволюциясы” (2008-ж.), “Кыргыз тамсилчилери: адабий портреттер” (2009-ж.), “Тамсил кудурети” (2010-ж.), “Айтматовдун чыгармалары мектеп театрында” (2010-ж.), “Ч. Айтматовдун чыгармаларын орто мектептерде окутуу” (2011-ж.), “Кыргыз балдар адабияты” (2012-ж.) ж.б. илимий монографиялардын, окуу-усулдук колдонмолордун, 150дөн ашуун илимий-усулдук, публицистикалык макалалардын автору болгон.

Окумуштуу педагог катары бир нече аспиранттарга жол көрсөтүп келген. Анын жетекчилиги менен 2 кандидаттык диссерация ийгиликтүү корголгон. Мындан тышкары «Жүрөгүмдөгү сөз», «Акыл-эстеги сөз», «Дилдеги ойлор» аттуу публицистикалык макалалар жыйнагы жана «Купуя сезим» ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Исаков Каныбек Абдуваситович коомдук ишмер катары да өзүн көрсөтө алган. Ош шаардык Кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты болуу менен өлкөбүздө жана Ош шаарында билим берүүнү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бараандуу салым кошуп келген.

Үзүрлүү эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер”, «Кыргыз тили» төш белгиси (2006), Ч.Айтматов атындагы коомдук академиянын академиги (2007-ж.), Сока-Гаккай университетинин «Ардактуу профессору» (Япония, 2010-ж.), Кастамону университетинин «Ардактуу профессору» (Турция, 2012-ж.) Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2014-ж.) ж.б. сыйлыктар менен сыйланган.

Мындан сырткары, 2012-2013-жылдары «Кыргыз Туусу», «Эркин-Тоо» гезиттери уюштурган сурамжылоолордо “Жылдын мыкты ректору”, “Жыл адамы” номинацияларына татыктуу деп табылган.

Өмүрлүк жубайы менен бирге 3 кыз, 1 уулга татыктуу тарбия берип келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>