“Ала-Тоо” окуу борборунда 73809 аскер бөлүгүнүн анык мөөнөттөгү аскер кызматчылары бөлүмчөнүн курамындагы ок атуу сабактары өтүүдө. Бул туурасында Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ок атуу сабактарынын жүрүшүндө жоокерлер бөлүмчөнүн курамында чабуулга киришүү жана штаттык куралдарынан ок отуу боюнча билимдерин бышыкташууда.
Сабактар башталганга чейин жоокерлерге ок атуу учурундагы коопсуздук эрежелерин, ок атуу машыгууларын аткаруу учурундагы шарттары түшүндүрүлдү.