Эртең, 10-январда Кыргызстанда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Гидрометеорология кызматынан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…-6;
Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…-7;
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -2…+3, күндүз-1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…-6;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -6…-11;
Бишкекте кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз -2…-4 градус болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз