Кыргызстанда бир жумада COVID-19дун 6 жаңы учуру аныкталды

Кыргызстанда бир жумада COVID-19дун 6 жаңы учуру аныкталды

Кыргызстанда бир жумада, тактап айтканда 2-8-январь күндөрү COVID-19дун 6 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.

Бардык 6 бейтап тең амбулатордук дарыланууда. Апта ичинде тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада болду.

“Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат”, — деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан пандемия башталгандан бери өлкөдө илдеттин 206 586 учуру катталган, ооруга чалдыгуу 100 миң калкка карата 3121,9ду түзөт, адам өлүмүнүн учурлары 1,5%.

2022-жыл жана 2023-жылдын 9 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 838 учуру катталды, анын ичинен 19 827 (90,7%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2011и (9,3%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>