Бишкекте катуу таштандыларды сорттоочу пункт иштей баштады

Бишкекте катуу таштандыларды сорттоочу пункт иштей баштады

Пилоттук долбоордун алкагында Биринчи Май районунун аймагында катуу таштандыларды сорттоочу пункт иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук, эл аралык стандарттарды жана санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын эко-аянтча курулган.

“Жалпы аянты 147,1 чарчы метр болгон жерге 12 евроконтейнер, эки видеокөзөмөл камерасы орнотулуп, борбордук байланыш системалары суу, канализация жана электр энергиясы коюлду. Таштандыларды сорттоо үчүн аянты 15-16 чарчы метр болгон бөлмө жабдылган”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, таштанды контейнерлери жаан-чачындан жана кардан сактануу үчүн атайын бөлүнгөн жерге чатырдын астына коюлган. Контейнерлердин орнотулушунда жакын жайгашкан үйлөрдөгү калктын саны да эске алынган.

Долбоордун максаты:

  • жарандарда таштанды чогултуу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү маданиятын жайылтуу;
  • экологиялык абалды жакшыртуу жана ден-соолукту сактоо;
  • жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.

Мындай аянтчаларды жайгаштыруу иштери башка шаарларда да уланып, долбоор инвесторлордун эсебинен ишке ашырылып жатканы айтылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Тэги: таштанды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>