Караңгыда жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Караңгыда жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Ысык-Көл облустук милициясы жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, окуя 11-ноябрь күнү Бокөнбаев айылында болгон. Жергиликтүү тургун кечинде көчөдөн өтүп бараткан учурда белгисиз көк түстөгү автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага түшүп, ага медециналык жардам көрсөтүлгөн.

Эртеси күнү ыкчам иликтөө иш чаралары жүргүзүлүп, жол кырсыгына шектүү катары  Бөкөнбаев айылынын 67 жаштагы тургуну кармалган. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, «Мерседес-Бенц Е 200»  үлгүсүндөгү автоунаасы айып короого киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>