Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Кара-Балтада курулуш дүкөнүнөн чыккан өрт өчтү
25.08.2022 | 20:01
Курулуш материалдарын саткан дүкөндөн чыккан өрт саат 16:25те толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 25-август күнү Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын Центральная көчөсүндө жайгашкан курулуш материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 09:14төн тарта жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт саат 10:40та чектөөгө алынган. Ал эми тилсиз жоо толук түрдө саат 16:25те өчүрүлгөн.
Маалыматка ылайык, дүкөндөгү бардык курулуш товарлары жана “Mercedes ” үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткен.
Өрттүн жалпы аянты 3000 ч.м. түзөт. Жабыркагандар болгон жок.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар