ЕАЭБ: Президент Жапаров мигранттарга шарт түзүү керектигин айтты

ЕАЭБ: Президент Жапаров мигранттарга шарт түзүү керектигин айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-августта Чолпон-Атада Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда президент ЕАЭБдеги бир катар маселелерди көтөрдү. Анын ичинде интеграциялык процесске жолтоо болгон тоскоолдуктарды жоюу, ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеген жумушчулар жана алардын үй-бүлөсү үчүн миграциялык талаптарды жөнөкөйлөтүү, социалдык камсыздоо маселелерин чечүү жана жумушчулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү керектигин айтты.

Белгилей кетсек, жолугушууга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустуку Роман Головченко, Казакстандыкы Алихан Смаилов, Россияныкы Михаил Мишустин, ошондой эле мейман катары Азербайжандын өкмөт башчысы Али Асадов катышты. Андан тышкары жолугушууга Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ЕАЭБ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>