БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Кара-Балтада жол кырсыгынан айдоочу каза болду
17.01.2022 | 12:59
Бүгүн, 17-январда Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын Пограничная жана Биринчи Май көчөлөрүнүн кесилишинде, “ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгинде токтоп турган унааны сүзгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза таап, өздүгү учурда такталууда жана 22 жаштагы А.Э. аттуу эркек киши жабыркаган.
Жерине Жайыл райондук №22 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган жаран тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилип, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом