Соттолгондор үчүн эмне өзгөрөт? ЖАМК жаңы эрежелерди сунуштоодоБишкекте Эл аралык карылар күнүнө карата музыкалык кече өтөтКазакстанда ЖККУнун «Рубеж-2026» биргелешкен машыгуусу аяктадыКыргызстан түштүк кореялык компания менен киберкоопсуздук боюнча меморандумга кол койдуТИМ: Москвадагы «Сахарово» борборунда Кыргызстандын 233 жараны кармалуудаСадыр Жапаров АКШга жумушчу сапары менен барды
Оксфам уюму: Кедейлер COVIDден өлөт, байлар байыйт
17.01.2022 | 13:11
Коронавируска каршы вакциналардагы ажырым дүйнө жүзү боюнча адамдардын өмүрүн кыйып, теңсиздикти күчөтүп жатат. Бул туурасында aljazeera.com маалымат агенттиги жазып чыкты.
Оксфам эл аралык уюмунун дүйшөмбү күнү жарыяланган жаңы отчетуна ылайык, эң бай 10 адамдын байлыгы коронавирус пандемия учурунда эки эсеге көбөйүп, теңсиздикти күчөтүп, күн сайын кеминде 21,300 адамдын өлүмүнө алып келди.
“Биз 2022-жылга болуп көрбөгөндөй тынчсыздануу менен кирип жатабыз”, – деп эскертет Оксфам “Теңсиздикти өлтүрөт” отчетунда, азыркы глобалдык экстремалдык теңсиздиктин абалы дүйнөдөгү эң жакыр адамдарга каршы “экономикалык зомбулуктун” бир түрү” деп билдирди уюм.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар